SerepTV Logo

Матраимовдун кызынын үлпөт тою өттү...

25-августта Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында депутат Искендер Матраимовдун кызы Нагимайдын үлпөт тою өтүп жатат. Тойго баргандардын арасынан Райымбек Матраимовду көрүүгө болот. "Аны тойкананын ичинде да, сыртында да 4 жан сакчы кайтарып жүрдү", - дешти тойдун коноктору. Маалыматка караганда, Матраимовдун кудасы Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сырдыбаев. 22-августта  Искендер Матраимов кызын турмушка узаткан. Кыз узатуу «Ала-Тоо» ресторанында өткөн.
Unknown Author