"Кубаныч эмес, жеңилденүү сезип турам" дейт Өмүрбек Текебаев
Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-апрелде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду актаган чечим чыгарды. Эки саясатчыга 2017-жылы «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айып тагылган эле. Өмүрбек Текебаев мындай чечим күтүүсүз болгонун билдирди.