Кемпир-Абаддын эмне болгонун бийлик жашырып жатканы туурабы? Депутаттардын позициясы
Кечээ, 4-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча жыйын өтүп, ага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бирок жыйын жабык өтүп, ага журналисттер да киргизилген жок. Мындан улам депутаттарга "Кемпир-Абаддын эмне болгону тууралуу маалыматты бийлик жашырып жатканы туурабы? Элдин билүүгө акысы жокпу?" деген суроо менен кайрылдык. "Собол TIME" рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.
Жооп берген депутаттардын тизмеси:
- Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан");
- Жанар Акаев ("Альянс");
- Нуржигит Кадырбеков ("Ыйман нуру");
- Марлен Маматалиев ("Ынтымак");
- Улугбек Ормонов ("Ишеним");
- Тазабек Икрамов (бир мандаттуу округ);
- Шайлообек Атазов (бир мандаттуу округ);
- Медер Алиев ("Ишеним");
- Исхак Масалиев ("Бүтүн Кыргызстан");
- Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»);
- Фарходбек Алимжанов ("Альянс").