"20 мүнөттө эле сөөгүн алып келишти". Сокулукта көлмөгө чөгүп каза болгон балдардын жакындары
Кечээ, 2-февраль күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Майское айылында жакын туугандардын үч баласы үйдүн жанындагы көлмөгө чөгүп кеткен. 5 жаштагы кошуна бала аларды көрүп, апасына айтып барып, башкаларды жардамга чакырышкан. SEREPTV телеканалы каза болгон балдардын айылына барып, жакындарынан окуянын чоо-жайын укту.