MBANКтын "Миллиондор оюну" акциясынын финалы. Миллионер ким болду?
"Коммерциялык Банк Кыргызстан" ААКсы | MBANK "Миллиондор оюну" акциясынын жыйынтыктоочу этабын ийгиликтүү өткөрдү.
15-марттан 2-июнга чейин бардык кыргызстандыктар биздин оюнга катышып, 100 000 сом жана 1 миллион сом өлчөмүндөгү ири акчалай сыйлыктарды утуп алуу максатында "МБАНК" жана "МИЛЛИОН" сөздөрүн чогулткан. Ал эми бактылуу жеңүүчүлөр республиканын ар кайсы бурчунан келди. Алар: 37 катышуучу 100 000 сомдон, 7 катышуучу 1 миллион сомдон утуп алышты.