“Кассалык аппарат орнотулса товарларды кымбаттатабыз” дейт ККМдин коюлушуна каршы соодагерлер
Бишкектеги “Дордой” жана “Таатан” базарынын сатуучулары кассалык-көзөмөл аппараттарды орнотууга каршы чыгышты. Алар жаңы Салык кодексиндеги бул пунктту жокко чыгарууну талап кылышууда. Биз алардын айрымдарынын үнүн угуп, бул боюнча салык кызматынан комментарий алдык.