"Жасалма болбогонубуз үчүн эл жактырат" дейт тиктокчу үй-бүлө
Элдос жана Айгерим - экөө тең чыгармачыл адамдар. Бири Кыргыз Улуттук филармонияда иштесе, экинчиси мугалим кесибин аркалап келген. Учурда TikTokто кавер аткарып, бийлеп популярдуу болгон аталган үй-бүлө SuperTVда конок болушту. "Биз TikTokко каражат табуу үчүн эмес, атыбызды чыгаруу үчүн киребиз" дешет жубайлар.