SerepTV Logo

Япониянын мурдагы премьер-министрине кол салууга шектелген жаран тууралуу маалымат айтылды

Япониянын мурдагы премьер-министрине кол салууга шектелген жаран тууралуу маалымат айтылды
Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге кол салууга шектелген адамдын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Полиция мурдагы премьер-министрге кол салууга аракет кылган деп шектүү, 41 жаштагы Тецуя Ямагамини кармаган. Маалыматка ылайык, ал мурун деңиздеги өзүн-өзү коргоо күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Полиция жеринде болжолдуу түрдө колго жасалган куралды тапты. Буга чейин Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге эл алдына чыгып сүйлөп жаткан учурда кол салуу болгон.