Владимир Путин Тажикстанды Борбор Азия чөлкөмүндөгү өнөктөш деп атады
Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ, 28-июнда Дүйшөмбүгө барып, Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президенттер коопсуздук маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Путинди Тажикстан жылуу тосуп алган. Орусиянын башчысы буга чейин келмек экенин, бирок пандемия ага жол бербегенин айтты. Ал «дүйнөнүн бул аймагындагы союздаштын достук жеринде болгондугуна абдан кубанычтамын» деди. Анын айтымында, Орусия менен Тажикстандын мамилелери абдан терең, ишенимдүү, союздаштык, эки өлкөз бардык тармактарда активдүү иштеп жатат.
Ал ошондой эле Орусия Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардыгын жасап жатканын билдирди. «Биз кырдаалды көзөмөлдөгөн саясий күчтөр менен мамиле түзүүгө аракет кылып жатабыз. Биз Ооганстандагы бардык этностук топтор өлкөнүн башкаруусуна катышууга тийиш деп эсептейбиз. Ооганстандагы бардык саясий күчтөр менен байланышыбыз бар», - деди Путин.