SerepTV Logo

Түштүк Африкадагы түнкү клубдан 22 өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Түштүк Африкадагы түнкү клубдан 22 өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
Түштүк Африканын бийлиги Индия океанындагы Чыгыш Лондон шаарындагы түнкү клубда сөөгү табылган 22 адамдын өлүмүнүн себебин аныктоого аракет кылууда. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, каза болгондордо эч кандай физикалык күчтүн белгилери табылган эмес. Алар 18 жаштан 20 жашка чейинкилер, айрымдары 15 жашта болгон. Табылган сөөктөр токсикологиялык экспертизадан өтүү үчүн өлүкканаларга жеткирилген, анын жыйынтыгында бийлик клубдагылар эмнеден каза болгонун аныктоого үмүттөнүүдө. Жергиликтүү аткаминердин айтымында, ал түнү клубда окуу жылынын аякташын белгилеп, экзамен тапшырып жаткан жогорку класстын окуучулары көп болгон.