SerepTV Logo

Түркмөнстандын президенти баңгизаттарды өрттөөчү атайын комплекс ачты

Түркмөнстандын президенти баңгизаттарды өрттөөчү атайын комплекс ачты
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабаддан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан баңгизаттарды өрттөөчү атайы комплекс ачты. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазышты. Белгилүү болгондой, президент менен коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү 122,5 килограмм баңгизатты өрттөгөн. Маалыматка ылайык, аталган жайда орнотулган мештер алдыңкы технологиялар менен жасалып, абага жана экологияга терс таасирин тийгизбейт.
Unknown Author