SerepTV Logo

TikTok өз жанын кыюуга байланышкан видеолорду өчүрөт

TikTok өз жанын кыюуга байланышкан видеолорду өчүрөт
ТikTok өз жанын кыюуга байланышкан видеолордун 90 пайыздан ашыгын бир сутканын ичинде өз алдынча өчүрөт. Бул тууралуу Интерфакс аталган интернет-сервиске шилтеме берүү менен жазып чыкты. «Биз суицидге же өзүнө-өзү зыян келтирүүгө алып келүүчү иш-аракеттерди сүрөттөгөн, жайылткан, кадыресе кылып көрсөткөн же даңазалаган материалдарды жайгаштырууга жол бербейбиз. Колдонуучулардын өмүрүнө коркунуч келтирген иш-аракеттерди жасашына жол бербөө үчүн сервистин эрежелерин бузган видеолорду алып салабыз жана тиешелүү хештегдерди жаап салабыз», - деп жазылат ТikTok'тун маалыматында. Буга чейин TikTok сервисинде өспүрүмдөрдү массалык суицид акциясына катышууга үндөгөн видеотасмалар жарыяланган болчу.
edita