Швейцарияда коронавируска каршы эмдөөдөн кийин 16 адам каза болду
Швейцарияда коронавируска каршы эмдөө өткөндөн кийин 16 жаран каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн «Swissmedic» Дары-дармекти көзөмөлдөө уюму жарыялаганын «РИА Новости» маалымат агенттиги жазып чыкты.
«Эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин ар кайсы убакта 16 адам каза тапканы катталды. Алардын улуусу 86 жашта болгон. Каза тапкандардын буга чейин оор дартка чалдыкканы белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган өлкөдө эмдөө учурунда 353 терс таасир байкалган. Анын 199у «Pfizer» вакцинасын, 154ү «Moderna» вакцинасын алуу учурунда катталганы маалым болду. Алардын ичинен 95и олуттуу терс таасирге, 4ү анафилактикалык коркунучтуу таасирге кабылып,16 адам көз жумган.
Белгилей кетсек, Швейцарияда калкты жапырт эмдөө 2020-жылдын декабрь айында башталган.