SerepTV Logo

Өзбекстандын президенти өзүнүн кызын президенттик администрациянын башчысы кылып дайындады

Өзбекстандын президенти өзүнүн кызын президенттик администрациянын башчысы кылып дайындады
Өзбекстандын президенти өзүнүн тун кызы Саида Мирзиёеваны президенттик администрациянын башчысы кылып дайындады. 2 жыл мурун жоюлган президенттик администрация кайрадан түзүлгөн. Саида буга чейин атасынын жардамчысы болуп иштеген. Ага чейин президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы, андан мурун 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басарлыгын аркалаган.
edita