Өзбекстанда беш студент ууланып, көз жумду
Өзбекстандын Ташкент шаарынын беш студенти белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ 27-февралда саат 20:50дө Ташкенттин Юнусабад районундагы жеке үйлөрдүн биринде Өзбекстандын борборундагы үч башка университеттин беш студентинин сөөгү табылган.
Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала корутундусуна ылайык, студенттердин өлүмүнө белгисиз зат менен уулануусу себеп болгонун өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирген.
Ошондой эле прокуратура студенттердин өлүмү боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу, натыйжада бир нече адамдын өлүмүнө алып келген» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Учурда кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.