SerepTV Logo

Өткөн кылымдын саясатчысы Уинстон Черчиллдин сүрөтү 11,5 миллион долларга сатылды

Өткөн кылымдын саясатчысы Уинстон Черчиллдин сүрөтү 11,5 миллион долларга сатылды
Дүйнө элине белгилүү актриса Анжелина Жоли Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Уинстон Черчилль тарткан Марокко мамлекетинин Марракеш шаарындагы Аль-Кутубия мечитинин XII кылымдагы көрүнүшү чагылдырылган сүрөттү 11,5 миллион долларга сатканын «Christie’s» аукцион үйү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Черчилль 1943-жылы тарткан бул сүрөтүн АКШнын экс-президенти Франклин Рузвельтке белек кылган. Сүрөт Рузвельттен анын уулу, учкуч Эллиот Рузвельтке мураска калган. Кийинчерээк сүрөт колдон-колго өтүп, ар кандай көргөзмөлөргө коюлуп, 2011-жылы Жолинин үй-бүлөсү сатып алган. Сүрөт башталышта 2,5 миллион долларга бааланган. Улам көтөрүлүп отуруп, акыры 11,5 миллион долларга токтогон. Бирок сүрөттү бул суммага сатып алган адамдын аты-жөнү айтылган эмес. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын айтымында, Черчиллдин бул эмгеги Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда тарткан жалгыз сүрөтү болгон.
Unknown Author