Орусиянын Түркиядагы элчисинин өлтүргөн деп айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылды
Орусиянын Түркиядагы мурдагы элчиси Андрей Карловду өлтүрдү деп айыпталган беш адам өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечимди 9-мартта Анкара шаардык соту чыгарганын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, аталган элчи Түркияда 2016-жылдын декабрь айында заманбап сүрөт галереясындагы көргөзмөнүн ачылышында атып өлтүрүлгөн.
Өлтүргөн адам бийлик тарабынан 22 жаштагы Мевлют Мерт Алтынташ аттуу полиция кызматкери болгон. Аны окуя болгон жерде атайын күчтөр атып өлтүрүшкөн. Жалпысынан бул иш боюнча 28 адам айыпталган. Алтоо акталгып, бир нечеси сыртынан соттолуп, калгандары ар кандай түрмөлөрдө жазаларын алышса, жогорду да айтканда бешөө өмүр бою эркинен ажыратылды.
Ошондой бул окуя боюнча Түркиянын сот тарабынан колдоого алынган тергөөнүн версиясы боюнча, кылмыштын уюштуруучулары учурда АКШда жашаган таасирдүү дааватчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери болгон. Бийлик буга чейин аны 2016-жылы аскердик төңкөрүш аракетин уюштурган деп айыптап, өлкө боюнча анын миңдеген жолдоочулары камакка алынган. Бирок Гүлен өлтүрүү аракетине тиешеси бар экендигин четке кагууда.
Ал эми маркум элчинин жубайы Марина Карлова "Би-Би-Сиге" берген маегинде жолдошуна кол салуудан кеминде төрт ай мурун коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айткан. Ошондой эле ал тергөө кылмыштын чыныгы уюштуруучуларын тапты деп ишенбей тургандыгын да билдирген. “Бул иш эч качан чечилбейт деп ишенем”,- деп айткан Карлова.