SerepTV Logo

Орусиядагы мамлекеттик кызматкердин мигрантка кол көтөргөндөгү видео тарады

Орусиядагы мамлекеттик кызматкердин мигрантка кол көтөргөндөгү видео тарады
Социалдык тармактарда Орусиядагы Миграция департаментинин кызматкерлеринин бири иш кагаздарын жүргүзүү учурунда мигранттын курсагына чыканак менен уруп жатканы тартылган видео тарады. Видеону Москвада жашаган укук коргоочу Бахром Исмаилов социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. "Эмгек патентин берүү процессинде, болжолдуу түрдө Воронеж шаарындагы кызматкер эмгек мигрантын түртүп жиберген. Кызматкерди иштен кетириш керек, ал эми жетекчилик эмгек мигрантынан жеке өзү кечирим сурашы керек», - дейт Бахром Исмаилов.