SerepTV Logo

Ооганстандын түштүгүндө бир суткада холерадан 40 адам каза болду

Ооганстандын түштүгүндө бир суткада холерадан 40 адам каза болду

Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд жана Забуль провинцияларында кеминде 40 киши холерадан каза болгонун Khama Press басылмасынан билдиришти.

Palhwok маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Гильменд провинциясында каза болгондордун арасында 15 бала бар. Акыркы эки күндө Ооганстандын түштүк провинцияларында холера менен 120 адам ооруп калган. Ооруп жаткандардын көбү Багран, Сивари жана Дайчопан райондорунун тургундары. Басылманын маалыматы боюнча, оорулуулар санитардык-гигиеналык шарттары канааттандырарлык эмес абалда дарыланып жатышат. 

Холера инфекциясы көбүнчө булганган суу же деңиз азыктары аркылуу пайда болот. Оору кусуу жана ич өткөк менен коштолот. 

edita