SerepTV Logo

Ооганстанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1400дөн ашты

Ооганстанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1400дөн ашты
Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1411 адамга жеткенин CNN жазды. Андагы маалымат боюнча, кеминде 3124 адам жабыркап, 5412 ашуун үй кыйраган. 1-сентябрга караган түнү Ооганстандын борбору Кабулдан 200 чакырым алыстыкта ​​күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Ошондой эле күчү 4,5-5,2 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. Жер титирөөнүн очогу жайгашкан Кунар провинциясы олуттуу зыянга учураган.
edita