SerepTV Logo

Ооганстанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1100дөн ашты

Ооганстанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1100дөн ашты
Ооганстандагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 1124 адамга жеткенин CNN жазды. Андагы маалымат боюнча, кеминде 3251 адам жабыркап, 8000ден ашуун үй кыйраган. 1-сентябрга караган түнү Ооганстандын борбору Кабулдан 200 чакырым алыстыкта ​​күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду. Ошондой эле күчү 4,5-5,2 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. Жер титирөөнүн очогу жайгашкан Кунар провинциясы олуттуу зыянга учураган.
edita