SerepTV Logo

Мексиканын президенти коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Мексиканын президенти коронавирус жуктуруп алганы аныкталды
Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадордон коронавирус аныкталды. Ал 67 жашта. Бул тууралуу президент социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. “Тилекке каршы COVID-19 оорусун жуктуруп алдым. Белгилери жеңил, бирок дарыланып жатам. Адаттагыдай эле оптимисттик көз караштамын», - деп жазды президент. Анын ордуна ички иштер министри Ольга Санчес Кордеро эртең мененки маалымат жыйындарын өткөрөт. Кийинчерээк президент бүгүн, 25-январда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.
edita