SerepTV Logo

Люксембургдун ханзаадасы 22 жашында каза болду

Люксембургдун ханзаадасы 22 жашында каза болду

Люксембургдун ханзаадасы Фредерик сейрек кездешүүчү генетикалык оору менен узакка созулган күрөштөн кийин 22 жашында каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. 

Маалыматка караганда, ал 1-мартта Парижде көз жумган. 28-февралда ал жакындары менен коштошкон. "28-февралда уулубуз өзүнүн бөлмөсүнө чакырып, акыркы жолу сүйлөшүүнү каалады. Ал бардык күчүн топтоп, үй-бүлө мүчөлөрү менен коштошту", - деди атасы. 

14 жашында Фредерикке POLG гениндеги мутациялардан улам сейрек кездешүүчү митохондриялык оору деген диагноз коюлган. Ал бир нече органдарга, биринчи кезекте мээге, нервдерге, булчуңдарга жана боорго таасир этет.