SerepTV Logo

Казакстандагы үрөй учурган жол кырсыктан 8 Өзбек жараны көз жумду

Казакстандагы үрөй учурган жол кырсыктан 8 Өзбек жараны көз жумду
Казакстандын Актөбө облусунун Маржанбулак айылына жакын Самара-Шымкент унаа жолундагы жол кырсыгынан Өзбекстандын 8 жараны каза болду. Бул тууралуу Polisia.kz жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочу рулду башкара албай, каршы тилкеге ​​чыгып кетип, Toyota-Alhpard үлгүсүндөгү минивен менен кагышкан.

"Кырсыктын кесепетинен минивэндин айдоочусу жана анын жети жүргүнчүсү Өзбекстандын жарандары окуя болгон жерде каза болушкан», - деп айтылат милициянын маалыматында. Кырсык боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталып, экспертизалар дайындалды.