SerepTV Logo

Казакстанда парламенттик шайлоо өттү. "Нур-Отан" партиясы алдыда

Казакстанда парламенттик шайлоо өттү. "Нур-Отан" партиясы алдыда
Кечээ, 10-январда Казакстанда парламенттик палата – Мажилиске жана маслихаттарга шайлоо өттү. Нур-Султан шаарынын убактысы боюнча түнкү саат 12:00гө карата  экзитполдун алгачкы жыйынтыктары жарыяланып, анда Нурсултан Назарбаев түптөгөн “Нур-Отан” партиясы алдыда экени кабарланды. Коомдук пикирди изилдөө институтунун билдирүүсүнө карата, мажилиске “Нур Отан”-72, “Ак Жол” – 10, ал эми “Казакстан халык партиясы” 9 пайыз менен өткөн. Ал эми “Аул” жана “Адал” партиялары 7 пайыздык босого ченинен өтпөй калды. Шайлоонун расмий жыйынтыгы бүгүн, 11-январда жарыяланат. Белгилей кетсек, кечээ Алмата шаарында бул шайлоого нааразы болгон 30дай демонстрант жергиликтүү полиция тарабынан кармалган.
altinay