SerepTV Logo

Казакстан буудай, ун, күн караманын уругун экспорттоого чектөө киргизди

Казакстан буудай, ун, күн караманын уругун экспорттоого чектөө киргизди
Бүгүн, 8-июлдан тартып Казакстанда ун, буудай, күн караманын уругун экспорттого чектөө киргизилет. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, 550 миң тоннадан ашык буудай, 370 миң тоннадан ашык буудай же кара буудай унун жана 15 миң тоннадан ашык күн караманын уругун экспорттоого тыюу салынат. Мындай квота өлкөнү азык-түлүк менен камсыз кылуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында 30-сентябрга чейин жүргүзүлөт.