Казакстан 12-июлдан тарта күйүүчү майды унаа менен ташууга алты айга тыюу салат
Казакстандын энергетика министри, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, каржы министри жана ички иштер министри республиканын аймагынан мунайзатты ташып чыгууга чектөө киргизүү боюнча биргелешкен буйрукка кол коюшту. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Буйрукка ылайык, Казакстандын аймагынан автотранспорт менен бензинди, дизель майын жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынат. Бирок бензобакка толтурууга, жана 20 литрден ашпаган идишке куюп кетүүгө уруксат берилет.
Чектөө 12-июлдан тарта аткарыла баштайт.