SerepTV Logo

Камчаткада күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды

Камчаткада күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды
Камчатканын чыгыш жээгинде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталганын Орус ЖМКлары жазды. Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн, 27-августта Камчатканын убактысы боюнча саат 15:49да катталган. Анын күчү 6,2 баллга жеткен. Окумуштуулардын айтымында, Камчатка аймагынын калктуу аймактарында силкинүүнүн күчү 3 баллга чейин сезилген.

30-июлда Камчаткада күчү 8,8 баллга жеткен 1952-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болгон. Ошондон бери илимпоздор күн сайын кайталанган жер титирөөлөр болуп жатканын айтышат. 

edita