SerepTV Logo

Камчаткада жер титирөөдөн кийин жанар тоо атыла баштады (видео)

Камчаткада жер титирөөдөн кийин жанар тоо атыла баштады (видео)

Камчаткада болгон жер титирөөдөн кийин Ключевская Сопка жанар тоосу атылып баштаган. Бул тууралуу 30-июлда Орусиянын Илимдер академиясынын Бирдиктүү геофизикалык кызматынын Камчатка бөлүмүнөн билдиришти.

Буга чейин жанар тоонун үстүндө буу жана газ булуттары гана байкалып жаткан. 

Ключевская Сопка - планетадагы эң активдүү вулкандардын бири. Анын бийиктиги 4850 метрге жетет. Жанар тоо Петропавловск-Камчатскийден 360 чакырым алыстыкта жайгашкан жана Евразиядагы эң чоңдордун бири болуп эсептелет.

edita