Жо Байден президенттик кызматынын алгачкы 100 күнүндө 100 миллион америкалык коронавирустан эмдөө алат деди
АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү планын бийликке келген алгачкы 100 күндүн ичинде ишке ашырарын айтып, анын администрациясы 100 миллион америкалыкты эмдөөдөн өткөрүп, мектептерди ачууга мүмкүнчүүк түзөөрүн билдирди.
Байден вакциналарды Кошмо Штаттардын ар бир бурчуна жеткирүүнү толугу менен каржылоосу үчүн Конгресске муктаж экендигин белгиледи. Анын айтымында, балдарды мектепке кайтаруу президенттик биринчи 100 күндүн ичинде улуттук негизги маселе болмокчу.
"100 күндүн ичинде биз оорунун багытын өзгөртүп, Америкада жашоону жакшы жакка өзгөртө алабыз" деди Байден.