SerepTV Logo

Илон Масктын уулу жынысын алмаштырып, кызга айланды

Илон Масктын уулу жынысын алмаштырып, кызга айланды
Америкалык миллиардер Илон Масктын уулу жынысын, аты-жөнүн да расмий түрдө алмаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Миллиардердин 18 жаштагы уулу Ксавье Маск аты-жөнүн Вивиан Женна Уилсон кылып өзгөрттү. "Каршылык жок болгонуна байланыштуу аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу сураныч канааттандырылды", -  деп билдиришкен судьялар. Буга чейин америкалык миллиардер, Tesla, SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын уулу Ксавье жынысын өзгөртүү жана атасынын фамилиясынан баш тартуу боюнча сотко кайрылган.