SerepTV Logo

Ганалык жаран кардарынын интимдик сүрөтүн жайылтканы үчүн 14 жылга кесилген

Ганалык жаран кардарынын интимдик сүрөтүн жайылтканы үчүн 14 жылга кесилген

Ганалык 22 жаштагы телефон оңдоочу адис блоктолуп калган телефонун оңдотуу үчүн келген аялдын интимдик сүрөттөрүн социалдык тармакка жайылтканы үчүн 14 жылга кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, телефон оңдогон адис аялдын телефонун оңдогон соң ичиндеги сүрөттөрдү карап, интимдик сүрөттөрүн таап алган. Кийинчерээк жылаңач сүрөттөрүн социалдык тармактарга таратам деп кардарынан акча талап кылган. Аял анын айтканына көнбөгөндө сүрөттөрүн жайылтып салган. Сот телефон оңдогон адисти сексуалдык опузалоо беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга кескен. Андан сырткары интимдик сүрөттөрдү макулдашпай чыгарганы үчүн дагы 2 жыл кошулган.

Гананын мыйзамына ылайык, ачык сүрөттөрдү жайылткан адам 5 жылдан 25 жылга чейин жазага тартылат.