SerepTV Logo

Эң бай Youtube-блогери болгону 9 жашта. Ал видеодо оюнчуктарын көрсөтөт

Эң бай Youtube-блогери болгону 9 жашта. Ал видеодо оюнчуктарын көрсөтөт
Forbes журналы YouTube'дун эң бай блогерлеринин тизмесин жарыялады. АКШнын Техас штатында туулган 9 жаштагы Райан Каджи 29,5 миллион доллар кирешеси менен быйыл эң көп акча төлөнгөн блогер болду. Маалыматка караганда, Райан Каджи оюнчуктарды таңгактан чыгарып, ага ой-пикирлерин билдирген  видеолордун жардамы менен белгилүү болгон. Анын бир канча дүкөндөр тармагында өзүнүн бренддик товарлары - оюнчуктар, рюкзактар, тиш пастасы жана башкалар бар. Өткөн жылы алардын сатуусунан 200 миллион доллар түшкөн. Ошондой эле, бул бала үч жылдан бери эң бай YouTube-блогерлеринин тизмесин толуктап келе жаткандыгы да белгиленди.
Unknown Author