SerepTV Logo

Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту толук жеңгенин жарыялады

Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту толук жеңгенин жарыялады
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө коронавирусту толук жеңгенин жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты. “Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн ооруканаларда 7 миңден ашуун орундар түзүлгөн, аларды 5400 медициналык кызматкер тейледи. Коронавирус өлкөбүздө жок. Биз аны толук жеңдик”, - деди Рахмон парламентке кайрылып. Ал муну менен катар өлкөдө бардык санитардык нормалар сакталарын кошумчалады. Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө соңку 15 күндөн бери коронавирус жуктурган адамдар катталган жок.
edita