SerepTV Logo

Дагестанда 20дан ашык киши крандагы сууга ууланды

Дагестанда 20дан ашык киши крандагы сууга ууланды
Дагестандагы Каспийск шаарындагы ооруканага крандагы сууга ууланган 20дан ашык адам түштү.  Бул тууралуу РИА Новости жазды. "23-февралда Каспийск шаардык ооруканасына 21 адам инфекцияга (курч ичеги-карын инфекциясы) шектүү деп кайрылышкан. Анын 19у 3 айлык наристеден 14 жашка чейинки балдар. Уулануунун негизги белгилери: ысытма, жүрөк айлануу жана кусуу болгон. 21-22-февраль күндөрү шаардын борбордук суу менен камсыздоо тутумунан келген суу санитардык талаптарга жооп берген эмес, ошол себептен Каспийдин жашоочуларынан аталган инфекцияга кабылгандардын саны өскөн”, - деп айтылат билдирүүдө. Бул окуядан кийин Роспотребнадзордун аймактык башкармалыгы жана Каспийск шаарынын администрациясы калкка күнүмдүк турмушта бөтөлкөдөгү сууну гана колдонууну суранып кайрылышкан.
Unknown Author