SerepTV Logo

Дааратканада сабалган окуучулардын видеосу Казакстанда тартылган

Дааратканада сабалган окуучулардын видеосу Казакстанда тартылган
Кечээ, 29-апрелде социалдык тармактарда окуучунун башка окуучуларды сабап жаткан видеосу тараган. Окуя Казакстанда болгонун "Тенгри" жазды. Маалыматка караганда, видео 2024-жылы сентябрь айында тартылган. Сабап жаткан окуучу 2025-жылдын март айында башка мектепке которулган. Бул факты боюнча комиссия түзүлдү. Сабалган окуучулар менен психолог иштеп жатат. Ал эми полиция кылмыш иши козголгонун, сабап жаткан жана видео тартып жаткан өспүрүмдөрдүн ата-энеси жазаланганын билдирди.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от TengriNews (@tengrinewskz)

edita