SerepTV Logo

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматтан кетет

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматтан кетет
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жакынкы сааттарда кызматтан кеткенин маалымдайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, Борис Жонсон бүгүн, 7-июль күнү партиянын лидери катары кызматтан кетет. Бирок күзгө чейин премьер-министрдин милдетин аткара бермекчи. Партиянын лидерлигине ат салышуу жайында болот жана жаңы премьер-министр октябрда кызматка киришет.

 Борис Жонсондун кызматтан кетери тууралуу бир нече сааттан кийин кайрылуу жасаары күтүлүүдө.