"Ералаштын" жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында көз жумду
Балдар кызыгуу менен көргөн орусиялык "Ералаш" юмордук журналынын көркөм жетекчиси Борис Грачевский 72 жашында коронавирустан улам каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 28-декабрда Борис Грачевский ооруканага жеткирилген. Ага чейин коронавируска кабылгандыгына байланыштуу ал үйүндө дарыланып жаткан. Бирок илдеттен айыга албай ал каза тапты.
Грачевский 1949-жылы 18-мартта Москва шаарында туулган. 1974-жылы драматург Александр Хмелик менен биргеликте "Ералаш" балдардын юмордук киножурналын негиздеген. 1974-1984-жылдары Грачевский "Ералаштын" директору, 1984-жылдан тартып юмордук киножурналдын көркөм жетекчиси катары иштеп келе жаткан. Ал ошондой эле "Чатыр" жана "Нота арасында, же тантрикалык симфония" тасмаларынын режиссёру катары да белгилүү болгон.