SerepTV Logo

Ар экинчи жаш учурда тынчы кеткен абалда же депрессияда

Ар экинчи жаш учурда тынчы кеткен абалда же депрессияда
Коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу, жакындарынын ден соолугуна сарсанаа болуу, карантин, жумушсуздук, каржылык көйгөйлөр, социалдык изоляция - мунун баары калктын психикалык саламаттыгына тийгизген пандемиянын кесепеттери. Ал дагы көпкө чейин сезилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмуна караштуу европалык бюросунун башчысы Ханс Клюге билдирди. Эмгек боюнча эл аралык уюму жүргүзгөн сурамжылоолорго ылайык, 19-29 жаштагы ар бир экинчи адам учурда бир маселеге тынчсызданып же депрессия болуп жүрөт. Бул тенденция башка курактагы топторго дагы тиешелүү. Кыш айларында мындай психологиялык оорулар көбүнчө күчөп, пандемиянын таасиринен улам да алар калктын саламаттыгына дагы чоң коркунуч келтириши мүмкүн.
admin@supertv.kg