21 жаштагы пилот чиркей чагып каза болду
Улуу Британиянын 21 жаштагы тургуну чиркей чаккандан 5 күн өткөндө каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ориана Пеппер аттуу пилот-стажёр кызды былтыр июль айында Бельгияда жүргөндө чиркей чагып алган. Ориана экзамендерин эң жакшы деген баага тапшырып, Бельгиянын Антверпен шаарына кошумча сынакты тапшыруу үчүн барат. Чиркей анын оң көзү жагын чаккандыктан, көзү шишип, ооруканага кайрылган. Врачтар антибиотиктерди жазып берип, дарыланганына карабай Ориана эки күндөн кийин эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн. 3 күндөн кийин айыгып кете албай көз жумган.
Маалыматка ылайык, чиркей чакканда инфекция Ориананын териси аркылуу кирип, моюнунун уйку артериясына тарап, мээсинин септикалык эмболиясына (кан тамырларда кандын уюшу) алып келген.