SerepTV Logo

20 жылдан бери комада жаткан Сауд Арабиянын ханзаадасы каза болду

20 жылдан бери комада жаткан Сауд Арабиянын ханзаадасы каза болду
Сауд Арабияда 20 жылдан бери комада жаткан ханзаада Аль-Валид бин Халед ибн Таляль аль Сауд 36 жашында каза болду. Уулунун каза болгонун атасы билдирди.  2005-жылы Сауд ханзаадасы Лондондо жол кырсыкка кабылган. Падышалык үй-бүлө мүчөсү башынан оор жаракат алган. Ал кезде ал болгону 16 жашта болчу.  Оор жаракаттан кийин Аль-Валид эсине келген эмес. Ал Эр-Рияддагы клиникада 20 жыл комада жаткан. ЖМКлар дарыгерлер үй-бүлөгө ханзааданын абалы үмүтсүз экенин эскерткенин жазышкан. Бирок атасы уулун жашоону камсыз кылуучу аппараттардан ажыратпоону талап кылган. 
edita