SerepTV Logo

Үзүр Жузупбеков Монголияда өтүп жаткан мелдештин жеңүүчүсү аталды

Үзүр Жузупбеков Монголияда өтүп жаткан мелдештин жеңүүчүсү аталды
Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Үзүр Жузупбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан “Ulaan-Baatar Open” Эл аралык мелдешинде алтын медалга ээ болду. Спортчу 97 килограммга чейинки салмак категориясында катышты. Биринчи айлампада монголиялык балбанды 10:6 эсебинде, экинчи айлампада монголиялык балбанды 9:1 эсебинде жеңген. Чечүүчү беттеште индиялык балбанды 5:4 эсебинде жеңип эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
edita