SerepTV Logo

Ысык-Көлдө тоо лыжа спорту боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Ысык-Көлдө тоо лыжа спорту боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү
Ысык-Көлдө тоо лыжа спорту боюнча өлкөнүн чемпионаты өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чемпионат 4-6-март күндөрү "Каракол" лыжа базасында өттү. Ага Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынан, ошондой эле Бишкек шаарынан келген 50дөн ашуун спортчу катышты. Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Тоо лыжа спорту федерациясы тарабынан уюштурулган.
Unknown Author