Үч улуттун Кубогу: Олимпиадалык курама команда алгачкы оюнда жеңилүүгө дуушар болду
Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы 23-марта Үч улуттун Кубогу мелдешинде алгачкы оюнун өткөрдү. Беттеш Катманду шаарынын "Дасаратх Рангасала" стадионунда өттү.
Кыргыз футболчулары Бангладешке каршы ойношту.
Беттештеги жалгыз гол 30-мүнөттө кирди. Кумарбай уулу Баяман оң жактан чыгарылган топту өз дарбазасына киргизип алды. Экинчи бөлүктө эсеп өзгөргөн жок. Оюндун жыйынтыгында Кыргызстан 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Олимпиадалык курама команда кийинки беттешин 25-мартта Непалга каршы өткөрөт.