SerepTV Logo

Валентина Шевченко UFC'нин чемпиондук курунан куржалак калды

Валентина Шевченко UFC'нин чемпиондук курунан куржалак калды
5-мартка караган түнү Валентина Шевченко UFC'нин чемпиондук курунан куржалак калды. Ал Лас-Вегаста өткөн UFC 285 турниринде жеңилүү ызасын тартып калды. Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен беттешти. Ал мексикалык спортчунун 4-раундда муунтуу ыкмасы менен коштолгон жеңиши менен аяктады. "Ок" атыккан Валентина Шевченко уюмдагы карьерасында эки жолу гана утулган. Акыркы ирет 2017-жылы жеңилүү ызасын тартып, андан бери ал удаасынан 9 ирет жеңишти багындырган. Валентина Шевченко буга чейин эч ким жасап көрбөгөн 7 жолу ийгиликтүү курду коргоп калган.
info