Валентина Шевченко Ошко барып, күйөрмандары менен жолугат
UFC чемпиону Валентина Шевченко эртең, 12-декабрда Ош шаарына барат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
"12-декабрь күнү Ош шаарына кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко келет. Спортчу Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугат. Жолугушуу жекшемби күнү саат 14:30дан 17:00гө чейин болот", - деп жазылат маалыматта.