SerepTV Logo

Жакынкы оюндарга карата улуттук курамага кайсы футболчулар чакырылды? (тизме)

Жакынкы оюндарга карата улуттук курамага кайсы футболчулар чакырылды? (тизме)
Александр Крестинин башында турган футбол боюнча Улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо турларына даярдык көрүү үчүн чакырыла турган футболчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти. Маалыматка ылайык, негизги тизмеге 25 футболчу кирип, дагы 5 оюнчудан турган кошумча тизме даярдалды. Кошумча тизмеге кирген футболчулар зарылчылык болгон учурда улуттук курамага чакырылышы мүмкүн. Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 30-майда кыска мөөнөттүү окуу-машыгуу жыйынына чогулуп, 2-июнда Япониянын Осако шаарына учуп кетет. Ал жерде 3 беттеш өтөт. Алдыдагы беттештердин тизмеси: 7-июнь: Кыргыз Республикасы - Монголия, 11-июнь: Мьянма - Кыргыз Республикасы, 15-июнь: Япония - Кыргыз Республикасы.
admin@supertv.kg