SerepTV Logo

UFC турнириндеги биринчи беттеште жеңишке жеткен кыргыз мушкери канча акча алат?

UFC турнириндеги биринчи беттеште жеңишке жеткен кыргыз мушкери канча акча алат?
19-ноябрда UFC уюмунун турниринде Мыктыбек Оролбай уулу сербиялык атаандашы Урош Медичти муунтуу ыкмасы менен 2-раундда  утту. Буга чейин кыргыз мушкери UFC уюму менен 4 беттешке келишим түзгөнү маалымдалган. Мушкерлердин болжолдуу канча акча алары айтылды. Бул беттеш үчүн кыргызстандык мушкер 12 миң доллардан 16 миң долларга чейин базалык төлөм жана медиа иш-чараларга катышканы үчүн 4 миң доллар бонус алат. Медич 44 миң 500 доллар алат.