SerepTV Logo

UFC турниринде кыргыз мушкери экинчи беттешинде да жеңишке жетти

UFC турниринде кыргыз мушкери экинчи беттешинде да жеңишке жетти
UFC турниринде кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу экинчи беттешинде да ишенимдүү түрдө жеңишке жетти. Беттеш Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүп, кыргыз мушкери бразилиялык атаандашы Элвес  Бренерди калыстардын чечими (29:27-29:27-29:27) менен утту. 2023-жылы 19-ноябрда UFC уюмунун турниринде Мыктыбек Оролбай уулу атаандашы Урош Медичти муунтуу ыкмасы менен 2-раундда уткан болчу. Бул жеңишинен кийин мушкер менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушуп, дүйнөнүн эң күчтүү лигасында ийгиликтүү дебюту менен куттуктаган.
info