SerepTV Logo

UFC президенти Шевченко менен Грассо үчүнчү беттеш өткөрөрүн ырастады

UFC президенти Шевченко менен Грассо үчүнчү беттеш өткөрөрүн ырастады
UFC президенти Дана Уайт Валентина Шевченко менен Алекса Грассонун үчүнчү ирет беттешерин тастыктады. "Биз реванш өткөрүшүбүз керек. Биз муну жасайбыз - бул туура иш. Бул болушу керек болгон күрөш, ооба", - деди Дана Уайт маалымат жыйынында. Шевченко менен Грассонун экинчи беттеши 17-сентябрда UFC Fight Night 227 турниринде өтүп, алардын беттеши тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми Шевченко калыстын чечими менен макул болгон эмес. Кийин кыргызстандык спортчу үчүнчү беттеш болсо - Кыргызстанда, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө өтсө калыстык болорун айтып, UFCге сунуш киргизген.
Unknown Author